Радио

Алакунов: чегирткенин толкуну ар 8-9 жылда жогорку чекке жетип турат

Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү коргоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов өлкөдө ар сегиз-тогуз жылда чегиртке каптап турарын белгиледи.
Sputnik
Азыркы тапта чегиртке каптаган аймактар азая баштаганы байкалууда. Бул тууралуу Алмаз Алакунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлик 1940-жылдан бери байкоо жүргүзүп келет.
"Өлкөнү чегиртке каптоо боюнча 1940-жылдан бери маалыматтар бар. Ошондон бери ар сегиз-тогуз жылда жогорку чекке чыгып, үч-төрт жыл кармалып кайра азайып турган. Бул толкун өзгөргөн эмес, мыйзам ченемдүүлүк катары калыптанып калган. Негизи эле бардык курт-кумурсканын азайып жана көбөйүп турган толкуну болот. Чегирткенин акыркы толкуну 2018-жылы катталды. Анда 100 миң гектардан ашык жерде химиялык ууландыруу иштери жүргүзүлдү. Бара-бара 60-70 миң гектар болуп отуруп, быйыл 40 миң гектарга түштү. Жылда эле кайсы бир аймакта чегиртке көбөйүп жатат деп маалымдалып, учурда азайып бара жатканы байкалууда", — деди Алакунов.
Ошондой эле ал чегиртке менен биологиялык жол менен күрөшсө болорун айтып, бирок буга көп каражат талап кылынарын кошумчалады.