Бишкектеги Евразиялык экономикалык форумга кайсы өлкөлөрдөн келишери маалым болду

Турусбековдун айтымында, форумдун катышуучуларынын биринчи тобу Бишкекке бүгүн келип баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте 26-майда өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга 15 өлкөдөн 2,5 миңдей катышуучу жазылган. Бул маалыматты Евразиялык экономикалык комиссиянын аталган форумду уюштуруучу жана өткөрүү боюнча оперативдик штабынын жетекчиси, ЕЭКтин протокол жана уюштуруу иштерин камсыздоо боюнча департаментинин директору Данияр Турусбеков айтып берди.
Евразиялык экономикалык комиссиянын аталган форумду уюштуруучу жана өткөрүү боюнча оперативдик штабынын жетекчиси, ЕЭКтин протокол жана уюштуруу иштерин камсыздоо боюнча департаментинин директору Данияр Турусбеков
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн Бишкек — Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан видеокөпүрөсүнө катышты.
"Мындагы катышуучулар негизинен Евразиялык экономикалык союзга мүчө-өлкөлөрдүн: Россиянын, Казакстандын, Армениянын, Беларустун бизнес-коомчулугунун ири ишкер чөйрөсү. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдүн өкүлдөрүн ала турган болсок, Латын Америкасы, Түндүк-Чыгыш Азия, Корея, Венесуэла бар", — деди Турусбеков.
Анын айтымында, Бишкек форумга толугу менен даяр: учурда уюштуруу комитетинин жетекчиси, министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев иш-чараны өткөрүү жолдорун дагы бир ирет көздөн өткөзүп жатат. Ал форумдун катышуучуларынын биринчи тобу Бишкекке бүгүн келип баштаарын айтты.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык маалыматтык өнөктөшү.
26-27-майда Бишкек менен Чүй облусунда жолдор жабылат