Бишкекте жөө жүргөндөрдүн жаңы аймагы пайда болот. Эскиздер

Архитекторлор бул долбоор эмерек салонунун сыртына көркөмдүк берип, ошол жердеги тилкенин көрүнүшүн жакшыртарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Борбор калаанын Москва көчөсү менен Жаш Гвардия бульварында жөө жүргөндөр үчүн атайын жер пайда болот.
Эскизди "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасы алып чыкты.
Коомдук жайга айландырыла турган жер эки көчөнүн түштүк-чыгыш тараптагы кесилишинин бурчундагы эмерек салондун алдында жайгашкан. Бул аймак жашылдандырылып, жакшыртылгандан кийин балдар аянтчасы, газон пайда болуп, бак, бадалдар отуругузулары айтылды. Андан сырткары, эмерек салондун фасады да жаңыланат.
Архитекторлор бул долбоор эмерек салонунун сыртына көркөмдүк берип, ошол жердеги тилкенин көрүнүшүн көзгө толумдуу кылып, жакшыртарын айтышты.
Архитекторлор долбоорду мэриянын кароосуна жөнөтөт.
Бишкекте 3 мектеп, бир спортзалдын курулушу башталды. Эскиздери