Бишкекте келечектеги темир тулпарлардын фестивалы өттү. Видео

Бишкекте электромобилдердин фестивалы болуп өттү. Анда 40-50 электромобиль көргөндөрдү суктандырып, бир катар суроолорду жаратты. Ошондой эле электроскутерлер да көпчүлүктүн көңүлүнө түштү.
Sputnik
Жаңычылдыкты өздөрү менен кошо ала келген бул транспорт каражаттары Бишкектин көчөлөрүнүн көркүн чыгарды. Ага түшүүнү каалагандар кыялдарын орундатып, келечектин темир унааларына түшүп, сынап, байкаштырып да көрүштү.