БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Кыргызстандын айым-режиссерлорунун IV кинофоруму" Бишкек шаарында 26-27-28-май күндөрү өтөт. Бул тууралуу "Азия чыгармачыл айымдары" коомдук фонду билдирди.
Бул жылы кинофорумга 40тан ашык фильм келип түшүп, алардын ичинен 14 тасма тандап алынган. Кинофорумдун алкагында кыргызстандык аял-режиссерлордун тасмалары "Манас" кинотеатрында көрсөтүлүп, талкуулар Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт.
Иш-чарага Россия, Беларусь жана Казакстандан келген режиссерлордун катышуусу күтүлүүдө.
"Кыргызстан айым-режиссерлорунун I кинофоруму" алгачкы ирет 2016-жылы уюштурулган. Кинофорумдун негизги максаты — режиссер кыз-келиндердин башын бириктирип, кыргыз киносун эл аралык деңгээлге көтөрүү.