Мамлекеттик катчы Мезенцев: Батыш НАТО боюнча келишимдерди аткарган жок

Батыш Россиянын биригүү жана биргеликте коопсуздукка кам көрүү боюнча Россиянын сунушун четке каккан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Батыш НАТОну чыгышты көздөй жайылтпоого убада бергени менен сөзүнө тура алган жок. Бул тууралуу Россия менен Беларустун союздук мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцев билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал "Россия сегодня" медиагруппасынын аянтчасында өткөн "Жаңы ойлор, жаңы реалдуулук" форумуна катышкан.
"Албетте, биз боордош эл менен бүгүнкүдөй абалга жеткенибизге тынчсызданып жатабыз. Бирок Батыш бизге 30 жылдан бери ырааттуу түрдө өзүнүкүн таңуулап келгенин жакшы билебиз. Алар НАТОну чыгышка кеңейтпөө убадасына турбай, келишимди жокко чыгарууда", — деди Мезенцев.
Ошондой эле ал биригүү жана биргеликте коопсуздукка кам көрүү боюнча Россиянын сунушу четке кагылганын эске салды.
"Биз башкалар менен ынтымакта болууга даярбыз. Бул максатта өткөн жылдын декабрь айында Россия лидери Европанын жана дүйнөлүк коопсуздуктун бөлүнгүс, жаңыланган моделин калыптандыруу боюнча сунуш киргизген. Бирок Батыш аны уккусу да келген жок", — деди адис.
24-майда Москвада Мамлекеттик думанын жана Федерация кеңешинин өкүлдөрүнүн, блогерлер менен коомдук активисттердин, ошондой эле журналисттердин катышуусунда "Жаңы ойлор, жаңы реалдуулук" эл аралык форуму өттү. Форумдун уюштуруучусу — "Россия сегодня" медиа тобу.
Федерация кеңеши Россияны КМШга ыктоого чакырды