26-27-майда Бишкек менен Чүй облусунда жолдор жабылат

Жолдордун чет элдик делегациялар келген учурларда гана тосулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунун кээ бир аймактарында 26-27-майда жолдор тосулат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.
26-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтөт жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапары менен келет.
Жолдордун чет элдик делегациялар келген учурларда гана тосулары айтылды.
Жабыла турган жолдор:
"Манас" аэропортунан тарта Фучик көчөсү Жибек Жолу проспектине чейин;
Чүй проспекти Жаш Гвардиядан тарта Манас проспектине чейин;
Манас/Айтматов проспекти Чүй проспектинен тарта мамлекеттик резиденцияга чейин;
Чүй проспекти Манас проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
Абдрахманов көчөсү Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттеринин 27-майдагы саммити видеоконференция форматында өткөнү менен ЖКККББдан жолдор баары бир жабылышы мүмкүндүгүн айтышты.
Аталган башкармалык айдоочуларды жол жабылган күндөрү маршрутун алдын ала пландап алышын сунуштады.
Евразия экономикалык форуму
Путин Бишкектеги экономикалык форумга онлайн-форматта катышат