Радио

Кулуев: жол кырсыгынан жаракат алып кайрылгандардын саны өстү

Травматолог-ортопед, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер Таалайбек Кулуев ортопедиялык оорулардан жабыркагандар көбөйгөнүн айтты.
Sputnik
Акыркы учурларда өндүрүштөн, жол кырсыктарынан жаракат алгандар көбөйүп, майып болгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу Таалайбек Кулуев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бала төрөлгөндө эле ортопедиялык изилдөө жасап, жаштайынан көзөмөлдөө керек.
"Республикада автомобилдердин саны кескин өсүп жатат. Ага байланыштуу жол кырсыктары да арбыды. Үй тиричилик жаракаттарынан баштап өндүрүштүк, транспорттук кырсыктан жабыркагандар көп кайрылып жатат. Жадагалса кээ бирлери майыптуулук да алып жатат. Азыр кырсыктарды алдын алуу боюнча иштерге көбүрөөк көңүл буруу керек. Мындан тышкары, ортопедиялык оорулар да көбөйдү. Жамбаштын тубаса чыгып кетиши, май тамандуулук, сөөктөрдүн туура эмес өрчүшү сыяктуу учурлар болбошу үчүн ата-энелер убагында текшертип, байкоо салып турушу абзел", — деди Кулуев.
Ошондой эле адис травматолог-ортопед дарыгерлердин кесипкөйлүгү эл аралык деңгээлде жогору турарын кошумчалады.