Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жер алдында "Азов" согушкерлери эмне кылышкан. Журналисттин видеосу

Тоннелде жаткан согушкерлердин акыркылары 20-майда чыгып, 531 согушкер туткунга түшүп бергендигин РФтин Коргоо министрлиги билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. RT журналисти Игорь Жданов "Азовсталь" заводунун имаратынын алдындагы тоннелдерде "Азов"* согушкерлери жайгашкан жерлерди камерага тартып көрсөттү. Ал маалыматтар кабарчынын Тelegram каналына жайгаштырылып, башкаларга да тарады.
Эскерте кетсек, аталган катакомбада (коридорлору, өтө кенен эмес бөлмөлөрү жана тар өтмөктөрү бар жер алдындагы жай — ред.) жаткан согушкерлердин акыркылары 20-майда чыгып, 531 согушкер туткунга түшүп бергендигин РФтин Коргоо министрлиги билдирген.
Ждановдун посту "Нарк. бат Азов" деп аталган.
"Көптөр мени тартынбай эле "Азовсталдын" алдында отургандар партиоттук эмес маанайда күрөшпөгөндүгүнүн далилдерин жарыялай бер дешкен. Мени туура эмес түшүнүп албаңыздар, маанай болгон, болгондо да кандай", — деп жазган журналист.
Ждановдун айтымында, нацисттер батальонунун "эс алуучу жерлери" туурасында кеп болуп жатат.
"Телефондор менен ноутбуктарды талкалап кетүүдөн эринишкен эмес, ал эми беделин түшүргөн мындай инсталляцияларга башын да оорутушпаптыр", — деп кошумчалаган аскердик кабарчы.
"Азовсталь" комбинатында курчоодо калган нацисттик куралдуу түзүлүш жана чет өлкөлүк жалданма аскерлер боюнча Россия президенти Владимир Путин заводго штурм жасоонун кереги жоктугун айткан. Мындай чечимин ал "биз өзүбүздүн аскерлердин өмүрү, саламаттыгы тууралуу ойлошубуз керек" деп түшүндүргөн.
Россиянын Коргоо министрлиги мурдараак операциянын жүрүшүндө тосулуп, заводдун аймагында калып калгандардан, тагыраагы, Украина тараптын күчтөрүнөн 2 439 киши багынгандыгын маалымдаган.
* "Азов" — Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Азовсталдын" тоннелин чээн кылган согушкерлер кандай жерге жайгашкан. Видео