Жашоодо циститке ар бир аял кабылат. Эмнелерди билүү керек

Уролог ооруну алдын алуу үчүн жеке жана жыныстык гигиенаны сактоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ар бир аял киши жашоосунда сөзсүз бир жолу циститке кабылат. Бул тууралуу уролог Нурбек Моңолов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.
Адис табарсыктын сезгенишин алдын алуу үчүн тазалыкты сактоого чакырды.
"Циститке ар бир аял кабылат. Бир жолу ооруп айыгып кеткендер көп. Бирок кайра-кайра кармаса сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Циститтин негизги себеби — ичеги таякчасы. Ичибиздеги микроб табарсыкка кирип кетет. Ал кандай болуп кирип кетет? Заңдаганда балким туура эмес тазаланып коебуз, гигиеналык каражаттарды туура эмес колдонушат, ич кийимди алмаштырбай коюшат. Ошондой эле жыныстык катнашка барарда жуунуп, тазаланып алуу керек", — деди уролог.
Буга чейин Моңолов эркектердеги тукумсуздуктун негизги себептерин санап берген.
Аялдар мончосуна уулуңузду алып барбаңыз! Урологдун кайрылуусу видеодо