Алды 120 миң сом. Өкмөт унаалардын терезесин караңгылатуу акысын бекитти

Такси кызматында иштеген автоунаалардын терезесин караңгылатууга болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуу үчүн акы төлөө жана уруксатты каттоо тартиби бекитилди. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, терезе караңгылатууну каалагандар ИИМдин алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинен уруксат алышы шарт. Анын акысы төмөнкүдөй болуп белгиленди:
жеке адамдар үчүн — 80 миң сом;
юридикалык жактар үчүн — 100 миң сом;
чет элдиктер үчүн — 120 миң сом.
Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет. Эгерде автоунаа ээси мөөнөтү аяктаганга чейин караңгылатылган терезени колдонуудан баш тартса, төлөнгөн каражат кайтарылбайт.
Такси кызматында иштеген автокөлүктөргө алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берилбейт.
Ошондой эле терезеге чапталган пленканын жарык өткөрүү коэффициентине чек коюлбай турганы белгиленди.
Белгилей кетсек, жаңы мыйзамда алдыңкы терезени караңгылатуу мүмкүн эмес, алдыңкы каптал айнектерине гана уруксат берилүүдө.
Машинанын айнегин мыйзамсыз караңгылаткандарга айып пул өлчөмү көтөрүлдү