УКМК: тыюу салынган дарыларды ташыган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана бажы кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстанда жүгүртүүгө тыюу салынган психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди ташуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ыкчам тергөө иштеринин алкагында жүктүн ээсинин бири Ю.С.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
“Азыркы учурда УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар адамдарды, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.
Чогултулган материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесинин 1-бөлүгү ("Бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы") боюнча кылмыш иши козголгон.
155 млн. сомдук баңгизат: Кыргызстан менен Казакстанда атайын операция өттү. Видео