Токмокто эки автоунаа кагышып, бир киши көз жумду

Кырсыктан эки аял, эки эркек жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Токмоктун тушунда Toyota Ipsum жана Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, анын кесепетинен бир эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жол кырсыгы 22-май күнү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 69-чакырымында болгон.
"Анда 48 жаштагы киши каза болуп, эки аял жана эки киши жабыркап, Тез жардам кызматы аркылуу Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген. Абалы орто деп бааланууда", — деп айтылат маалыматта.
Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин үч куткаруучусу тартылганы кошумчаланды.
Айдаркендеги автокырсык: көз жумгандардын экөө ӨКМ кызматкери болуп чыкты