Шейшембиге карата аба ырайы

24-майга караган түнү кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Дыйканчылык райондордо күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас облусунда +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +26...+31, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын өрөөнүндө +17...+22 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте күндүн табы +23...+25, Ошто +26...+28 градуска жетет.
Селден улам Аксыга өзгөчө кырдаал режими киргизилди