БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Түрдүү кылмыштарга шектелип, тергөөдөн жана соттон жашырынып Россияда жүргөн 24 кыргызстандык кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Кармалгандар бейбаштык, тоноо, уурдоо, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаза өтөөчү жайлардан качуу, дезертирлик, жол кырсыктарына кириптер болгондугу, кредит, алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан. Алардын жайгашкан жери Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Россиянын Москва жана башка шаарларынан аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Кармоо иш-чаралары Россиянын укук коргоо органдары, Кыргызстан ИИМинин РФтеги өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзүлгөн.