Эскертүү! Чет өлкөгө чыгарда ПЧР-тесттин зарылдыгын тактап алыңыз

Кыргызстанга киргендерден ПЧР-тест же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүк суралбай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын маалымат кызматы чет мамлекетке учар алдында бара турган өлкөнүн элчилигинен же авиакомпаниядан ПЧР-тест, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн зарылдыгын тактап алууну өтүндү.
"1-майдан тарта Кыргызстанга киргендерден ПЧР-тест же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүк суралбай калган. Бирок чет мамлекетке учуу алдында бул документтер бара турган өлкөдө талап кылынар-кылынбасын ал мамлекеттин элчилигинен же авиакомпаниядан тактап алыңыз", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Россияга кара жол менен өткөрмө пунктулар аркылуу кирчү ЕАЭБ жарандары ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтпөй эле койсо болот. Бул кыргыз жарандарына да тиешелүү.
Анализ, тесттин жыйынтыгын, маалым катты онлайн алса болот. Министрлик сайт ачты