Ош шаарынын тургундарына эки күндөн кийин таза суу берилди

Түштүк региондун борборунда таза суу эң негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ош шаарында 23-майга караган түнү таза суу бериле баштады. Бул тууралуу калаа тургундары билдирди.
Белгилей кетсек, Папан суу сактагычына жакын жылгалардан сел жүргөнүнө байланыштуу 21-май күнү шаардыктарга таза суу берүү токтотулган. Бул учурда "Ош шаардык суу канал" ишканасы 20дан ашуун унаа менен турак жайларга суу ташып жатты.
Ош шаарында 300 миңден ашуун суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, элге суу берүү токтотулат. Бул — шаардыктардын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев быйыл июль айында суу тазалоочу жабдууларды куруу иштери башталарын айтууда.
Сарыбашев: өкмөт Оштун таза суусуна каралган 3 млн. долларды атайын бербей жатат