Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Малинин ТИМи: Россияга каршы санкциялар жакыр өлкөлөргө сокку урду

Малиде буудай тартыштыгы башталды. Анткени өлкөнүн негизги импортерлору — Россия менен Украина.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Батыштын Россияга каршы санкциялары экономикалык системаны шал кылып, ансыз да кыйналып турган жакыр өлкөлөргө сокку урду. Бул тууралуу Малинин тышкы иштер министри Абдулай Диоп РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.
"Россияга каршы санкциялар бүткүл дүйнөдө азык-түлүктүн баасын жогорулатты. Көптөгөн кыйынчылыктар башталды. Жалпысынан экономикалык системаны кыймылсыз кылып коюп, мунун кесепети биринчи жакыр өлкөлөргө тийди", — деди Диоп.
Министр белгилегендей, Малинин базарларында буудайдын жетишсиздиги пайда болду. Анткени ири өндүрүүчүлөр Россия жана Украина болуп саналат.
"Башкача айтканда, дан эгиндерин сатып алууга акчасы жетпеген жакырлар эми болгон-бүткөн акчасын чогултса дагы ала албай жатат. Базарда товардын бул түрү жок", — деди аткаминер.
Ошондой эле ал санкциялар көйгөйдү чечүү үчүн эмес, кырдаалды татаалдантуу үчүн иштеп жатканын белгиледи. Дипломаттын айтымында, дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн калкына коркунуч туудурган азык-түлүк каатчылыгынан терактыга караганда көбүрөөк адам жапа чегүүдө.
"Биздин өлкө буга чейин эле коопсуздук көйгөйлөрүнө туш болгон, азыр террорчулар көп адамды өлтүрүп жатышат. Эл аралык уюмдар берген статистикага ылайык, азык-түлүк тартыштыгынан террордук чабуулдарга караганда көп киши көз жумууда. Саясатчылар бул көйгөйгө көңүл бурушпайт", — деди Диоп.
Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан улам Россияга каршы бир нече санкциялар пакетин киргизген. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев санкциялардын кесепети кээ бир өлкөлөрдө азык-түлүк кризисине алып келерин эскерткен.
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын расмий өкүлү Томпсон Пиринин мурда билдиргенине караганда, Украинадагы кырдаал азык-түлүккө болгон баанын жогорулашына жана дүйнөлүк ачарчылыкка алып келүүдө. Ал белгилегендей, Кара деңиз бассейни дан жана айыл чарба азыктарын өндүрүү үчүн маанилүү аймактардын бири болуп саналат. Украина менен Россия буудайдын дүйнөлүк экспортунун 30 пайызын, жүгөрүнүн 20 пайызын жана күн караманын 76 пайызын түзөт. Ошондуктан ар кандай өндүрүштүн же жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы баанын өсүшүнө алып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сенатор Пушков Зеленский менен анын батыш кураторлорунун стратегиясын ачыктады