Кыргызстандыктар көрө турган футболдук беттештер. Билетти канчага алса болот

Таймаштар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 8, 11 жана 14-июнда өтмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргыз футбол союзунан Азиянын футбол боюнча кубогунун алкагында өтчү алдыдагы беттештердин билетин кайдан жана качан сатып алууга болорун айтып беришти.
Таймаштар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 8, 11 жана 14-июнда өтөт. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы сингапурлук, мьянмалык жана тажикстандык атаандаштары менен ойнойт.
Билеттерди www.iticket.kg сайтынан онлайн да сатып алууга мүмкүнчүлүк жаралган. Эрте камынгандарга 50 пайыз арзандатуу болору айтылды. Тагыраагы, 26-майга чейин стадиондун чыгыш тарабынан 400, ал эми батыш тарабынан 500 сомго алса болот.
КФСтен онлайн-сатуу кызыл кулактар менен күрөш үчүн жасалып жатканын, андыктан ар билеттин QR-коду бардыгын белгилешти. Тагыраагы, электрондук билет менен кирүү же аны башка бирөөгө берүүгө болбойт, себеби аны жогоруда айтылган код чектеп коет деп түшүндүрүштү.
Кыргыз футболу кантип түптөлгөн? Архивдик видео