Колго түшкөн "азовчулардан" тарта аймара модасына чейин. Апта ирмеми

Индияда поезд кырсыгы болду, Кытайда коронавирустан улам изоляция дагы деле бүтө элек, ал эми Шри-Ланкада нааразылыктардын соңу көрүнбөй келет.
Sputnik
Sputnik окурмандарга өткөн жумада болгон кызыктуу окуялардын сүрөттөрүн сунуштайт.
1 / 17

Пекинде медицина кызматкери COVID-19 боюнча кезектеги анализди алып жатат

2 / 17

Кайыктагы балыкчы жана кумдуу шамал. Ирак, Басра аймагы.

3 / 17

Бразилиялык модель Алессандра Амбросио Канндагы кинофестивалда кызыл килемде туруп сүрөткө түшүп жатат

4 / 17

Мариуполдун бир катар көчөлөрүнө жакында электр жарыгы келет. Монтерлор иштеп жаткан ирмем.

5 / 17

Кыргызстан "Музейдеги түн" эл аралык акциясын колдоду. Ага Бишкектеги бир нече музей катышып, ар бири өзүнчө түрдүү программа даярдады.

6 / 17

Россиянын Красноярск крайында буудай сээп жатышат

7 / 17

Индиядагы Праяградж шаарында кишилер арабада эс алып жатышат. Көп өлкөлөрдө ысык 45 градустан да ашып кетүүдө.

8 / 17

Ла-Паса (Боливия) шаарынын жашоочусу толгон Айды телефонуна тартууда

9 / 17

Шейх Сауд бен Рашид Аль-Муалла Бириккен Араб Эмирлигине президенттикке шайланган шейх Мохаммед бен Заид Аль-Нахайяндын колун кысып, куттуктап жатат

10 / 17

Аймара аялдары жергиликтүү дизайнердин эмгектерин Эль-Альтодо (Боливия) көрсөтүүдө. Аймара — Андыда жашаган жергиликтүү эл.

11 / 17

Коломбодогу (Шри-Ланка) өкмөткө каршы акциянын катышуучусу

12 / 17

Индиядагы Нью-Хафлонг темир жол станциясындагы кырсыктын сүрөтү

13 / 17

Гаванада (Куба) ретроавтомобилде кетип бара жаткан кыздар

14 / 17

Автобустардын колоннасы колго түшүп берген украиналык аскерлер менен улутчул "Азов" * батальонунун согушкерлерин "Азовсталь" заводунан алып чыгып бара жатат. Мариуполь шаары.

15 / 17

"Канда-мацури" фестивалынын катышуучусу, Токио шаары (Япония)

16 / 17

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада Бишкек ТЭЦине барып, анын абалы жана келе жаткан күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы менен таанышты

17 / 17

Коронавирустан кийин. Пекинде обочолонуудан улам пайдаланылбай туруп калган коомдук велосипеддерди таратып жүргөн киши.

* — Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм.