БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жазында валюта курсу олку-солку болуп жаткан маалда ата мекендик бизнесте туура эмес макроэкономикалык көрсөткүчтөр берилген. Бул туурасында экономист Кубат Рахимов Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
"Ишкерлерге бааны божомолдоп көрүү кыйын. Эгер ал божомолдой албай калса, товар сатып алуу керек деп түшүнөт. Аны алып келип сатканга үч ай кетет. Доллардын курсу 105-106 сомго чыкканда эл чочуп калды, жадагалса ошол курс менен сатып алып жатышты. Кийин америкалык валюта кескин арзандады. Рынок азыр өтө туруксуз фазада турат, жөнгө салынбайт", — деди эксперт.
Ошондой эле ал кээ бир категориялар боюнча товар этап-этабы менен арзандай баштаганын белгиледи.
"Бир нече факторлор бар. Бизнесмендер доллар 100 сом болуп жатканда алган товарларын курс 80ге түшкөндө сатууга аракет кылып жатат. Мындайда соодагерлер, албетте, арзандатпайт. Андан кийинчерээк курс төмөндөгөндө сатып алгандардын бааны 10-15 пайызга арзандатууга мүмкүнчүлүгү бар. Анан кээ бир товарлардын арзандашына мамлекеттин кийлигишип кумшекер менен унду интвервенция кылганы таасир этти", — деди Рахимов.
Анын айтымында, мамлекет рыноктогу кризиске ыкчам чара көрүүнү өздөштүрүп, азык-түлүк ажиотажына жол бербей өз убагында Мамлекеттик материалдык резервдер фондун пайдаланууда.