Депутат жана аткаминерлердин эмгек өргүүсүн узартуу мыйзам долбоору сунушталды

Мыйзам кабыл алынса ЖК депутаттары жана президент тарабынан дайындалган аткаминерлер сегиз күнгө көбүрөөк эс алат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу саясий кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Ал демилгени коомдук талкууга чыгарды. Коргонбай уулунун юристинин айтымында, учурда колдонулуп жаткан мыйзамдарда саясий кызматта иштегендер үчүн мындай норма каралган эмес.

"Мыйзам долбоору эмгек стажы үчүн сыйлоо иретинде эмгектик жана социалдык кепилдиктерди, мамлекеттик кызматтагы иштеген жылдарды белгилөө, саясий жана административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген жарандардын ишмердигине стимул берүү максатында сунушталууда", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.

Белгилей кетсек, Эмгек кодексинде өргүүнүн убактысы 28 күн деп белгиленген. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартуу өкмөттүн токтому менен аныкталат. Ага ылайык, экиден сегиз күнгө чейин кошулат.
Президент, Жогорку Кеңештин төргасы, депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, президенттин облустагы жана башка тармактар боюнча өкүлдөрү, район акимдери жана президенттин администрациясына караштуу бөлүмдөрдүн жана башкармалыктардын жетекчилери саясий мамлекеттик кызматкер болуп саналат.
Олимпиада, Азияны жеңген спортчуларга 10 млн. сомго чейин сый акы берүү сунушталды