Радио

Абдыкеримова: чакан ГЭСтерди курууда иликтөө иштери жүрбөй жатат

Электр тармагы боюнча аналитик Алтынай Абдыкеримова өлкөнүн чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү кенен экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу жаатында иликтөө иштери колго алынбай жатат. Бул — аталган тармакты өнүктүрүүдөгү эң маанилүү иш. Мындай пикирин Алтынай Абдыкеримова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган тармакта инвесторлорду тартууда алгач ички ишкерлерге басым жасалуусу зарыл.
"Кыргызстандын чакан ГЭСтерди өнүктүрүү потенциалы абдан жогору. Бирок бул жаатта алгач иликтөө иштерин жүргүзүп алуу керек. Мындан көп жыл мурда изилденген жалпы маалыматтарга караганда, өлкөдө 172 жерге чакан ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар. Алар жалпысынан 600 мегаВатт электр кубаттуулугун бере алмак. Бирок кайсы жерлерге курулушу керек, ошол эски изилдөөлөр күчүндөбү, бизде эч кандай илимге негизделген иштер жүрбөй келет. Ал эми божомолго таянып, эч бир ишкер инвестиция салгысы келбейт. Мамлекет ушул ишти колго алса жакшы болмок. Буга кошумча, мыйзам жаатында да чийкилик көп. Негизи чакан ГЭСтерди көбөйтөбүз десек, алгач ушул иштерди бүтүрүүгө аракеттенип, аны бул тармактагы бардык адистердин башын бириктирген аянтча түзүүдөн башташ керек", — деди Абдыкеримова.
Аналитик түрдүү форум, жолугушуулар өткөрүлүп, макулдашууларга кол коюлганы менен баары кагаз жүзүндө гана калып кетип жатканын кошумчалады.