Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азовсталдын" тоннелин чээн кылган согушкерлер кандай жерге жайгашкан. Видео

RT каналы "Азовсталь" комбинатынын тоннелинен сыртка чыгып багынып берген украиналык согушкерлер чээн кылып жаткан жердин эксклюзивдүү видеосун жарыялады.
Sputnik
Ал жерге башка адамдар менен бирге аскердик кабарчы Валентин Горшенин да кирип чыккан.
Журналисттин айтымында, жер алдындагы коммуникациясы жана анын тарамдашып кетиши өтө татаал болгон. Аталган жай бир топ жерди ээлеген. Горшенин тоннелди көрүп чыккан соң, эгерде "азык-түлүк жана жашоодогу зарыл буюмдар жетиштүү болсо, 2-3 ай эмес жылдап жашоого" боло тургандыгын айткан.
Эске салсак, "Азовсталь" комбинатында курчоодо калган нацисттик куралдуу түзүлүш жана чет өлкөлүк жалданма аскерлер боюнча Россия президенти Владимир Путин заводго штурм жасоонун кереги жоктугун айткан. Мындай чечимин ал "биз өзүбүздүн аскерлердин өмүрү, саламаттыгы тууралуу ойлошубуз керек" деп түшүндүргөн.
Россиянын Коргоо министрлиги мурдараак операциянын жүрүшүндө тосулуп, заводдун аймагында калып калгандардан, тагыраагы, Украина тараптын күчтөрүнөн 2 439 киши багынгандыгын маалымдаган.
Ал эми 20-майда эң соңкулары чыгып, 531 согушкер туткунга түшүп бергендигин расмий кабарлашты.