Селден улам Аксыга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аталган райондо сел көпүрөлөрдү алып, үйлөрдүн ичине суу кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. 21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Жалал-Абад облусунун Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, сел аталган райондун Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4 370 метр ички жолду, чарбалык алты көпүрөнү алган.
"Андан тышкары, 29 турак үйдүн короосун суу каптап, бир социалдык объект менен алты турак үйдүн ичине суу кирген", — деп айтылат маалыматта.
Жеринде жарандык коргонуу кызматы жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барып жатканы кошумчаланды.
Лейлекте сел 200 баш кой-эчкини агызып кетти. Сүрөт