АКШ делегациясы Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. Талкууланчу маселелер

Америкалыктар төрт мамлекеттин бийлик өкүлдөрү, жарандык коом жана ишкерлер чөйрөсү менен жолугушат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. АКШ администрациясынын ведомстволор аралык делегациясы аймак менен байланышты бекемдөө максатында 23-27-майга чейин Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанда болот. Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин маалыматына таянып, РИА Новости кабарлады.
Билдирмеге караганда, делегацияны мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу жетектейт. Анын курамында Россия жана Борбор Азиядагы улуттук коопсуздук кеңешинин директору Эрик Грин, Коргоо министрлиги менен Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жогорку кызматтагы адамдары болот.
"Америкалыктар төрт мамлекеттин бийлик өкүлдөрү, жарандык коом жана ишкерлер чөйрөсү менен жолугушат. Сүйлөшүүнүн күн тартибинде экономикалык кызматташтык, коопсуздук жаатында кызматташуу, "жалпы баалуулукту" колдоо, жергиликтүү маданият, аялдардын укугу, азык-түлүк коопсуздугу жана Афганистандын качкындарына жардам көрсөтүү маселелери бар", — деп айтылат маалыматта.
Тажикстанда эки тараптуу консультациялар жүргүзүлсө, Казакстанда өлкө бийлиги даярдап жаткан реформалардын күн тартибин талкуулоо пландалып жатканы айтылды.
Путин АКШнын постсоветтик аймактагы биолабораторияларынын максатын айтты