Улуттук банктын алтын корунун наркы ай ичинде 1,4 миллиард сомго кыскарды

Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Улуттук банктын алтын корунун наркы 1 миллиард 372 миллион сомго азайган. Бул тууралуу башкы банктын кабарлашты.
1-апрелге карата 52 миллиард 795,8 миллион сомду түзсө, май айынын башында бул көрсөткүч 51 миллиард 423,8 миллион сомго кыскарган.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын башында Лондондун баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксингинин унциясы 1929,4 долларды түзгөн. Ал эми 1-майга карата маалымат көрсөтүлгөн эмес. Болгону 29-апреле баа 1911,3 доллар жана 3-майда 1 869,7 доллар болгону белгилүү.
Белгилей кетсек, апрель айынын башынан 1-майга чейин доллардын расмий курсу 46 тыйынга кымбаттаган.

Алтын запастарынын баасы кандай өзгөрдү?

Өткөн жылы бир топ өзгөрүү болду. Маселен, май айында рекорддук көрсөткүч – 99 миллиард сомдон ашса, сентябрь айында 29 миллиард сомго чейин төмөндөгөн.
Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви, төлөө каражаттары) жана алтын.
Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногунан 20,5 млн. доллар сатып алды