Бишкекте үй товарларын өндүргөн завод ачылды. Сүрөт

Бул тиричилик буюмдарын чыгарган Борбор Азиядагы эң ири завод болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте үй буюмдарынын толук циклин өндүргөн "Маткасым" заводу ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Бишкекте үй буюмдарынын толук циклин өндүргөн "Маткасым" заводу ачылып, ишке кирди

2 / 2

Ага ылайык, бул тиричилик буюмдарын чыгарган Борбор Азиядагы эң ири завод болуп саналат

Ага ылайык, бул тиричилик буюмдарын чыгарган Борбор Азиядагы эң ири завод болуп саналат.

"Ал жакта телевизор антенналары, кир жайгыч, кургаткыч, үтүк такталары, корпустук-металлдык типтеги жана текстиль товарлары өндүрүлүп жасалмакчы. Жаңы ачылган заводдун аянты 2,5 гектар. 150дөй жумушчу иштейт. Завод жылына 10 миллион товар өндүрө алат", — деп айтылат маалыматта.

Завод Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланганы айтылды.
Сүттү кайра иштетчү завод жана логистикалык борбор курууга Сокулуктан жер бөлүнөт