Төө-Ашууда кар жаап, жолдун тайгагынан автоунаалар токтоп турат. Видео

Жолдо турган айдоочулар азырынча сапарга чыкпай туруу керектигин айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Төө-Ашууда кар жаап, жолго муз тоңуп жатканын айдоочулар билдирип, видеосун жөнөтүштү.
Видеону тарткандар бул бүгүнкү көрүнүш экенин айтышкан. Жол четинде токтоп турган автоунааларды көрүүгө болот.
"Бул Төө-Ашуунун Суусамыр жагы. Жолго муз тоңуп калыптыр, машинаны четке чыгарып араң токтоттук", — дешкен күбөлөр.
Жолдо турган айдоочулар азырынча сапарга чыкпай туруу керектигин айтышууда.
Буга чейин ӨКМ дем алыш күндөр жаанчыл болорун айтып, шашылыш билдирүү тараткан.
Лейлекте сел 200 баш кой-эчкини агызып кетти. Сүрөт