Милиция тоодо тапанча аткан кызды тапты. Сүрөт

Окуя беш күн мурда Бишкек — Ош жолундагы Чычкан капчыгайынын аймагында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тоодо тапанчадан ок чыгарган кызды табышты.
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин социалдык тармактарда кыздын тапанчадан атып жаткан видеосу тарап, колдонуучулар милициядан ага карата чара көрүүнү суранышкан.
1 / 2

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тоодо тапанчадан ок чыгарган кызды табышты

2 / 2

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин социалдык тармактарда кыздын тапанчадан атып жаткан видеосу тарап, колдонуучулар милициядан ага карата чара көрүүнү суранышкан.

Тартип сакчылар аталган ишке тиешеси бар деген 22 жаштагы кыз менен 37 жаштагы кишини таап, травматикалык тапанчасын алышкан. Экөө тең Бишкек шаарынын тургундары.
Тергөөнүн маалыматтары боюнча, окуя беш күн мурда Бишкек — Ош жолундагы Чычкан капчыгайынын аймагында болгон.
"Кыздын айтымында, аны видеого курбусу тарткан. Кийин аны социалдык тармакка жарыялаган", — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Адам уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео