ШКУнун террорчулукка каршы машыгуусу качан башталары айтылды

Машыгуу болгону эки этаптан турат. Аны ар бир тарап өз аймагында өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин террорчулукка каршы "Манесар-антитеррор — 2022" машыгууларынын биринчи этабы июлда башталат. Бул тууралуу ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн директору Руслан Мирзаев "Россия сегодня" медиасынын брифингинде айтканын Sputnik Өзбекстан жазды.
Анын айтымында, машыгуу болгону эки этаптан турат.
"Машыгууну ар бир тарап өз аймагында өткөрөт. Ал эми Индиянын аймагында күзүндө уюштуруу пландалууда. Иш-чаралардын бардык тизмеси даярдалып, макулдашылган", — деген Мирзаев.
Эске салсак, 2001-жылы түзүлгөн ШКУнун курамында Өзбекстан, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Индия жана Пакистан бар. Учурда ага толук кошулууга Иран даярданып жатат. Ал эми Афганистан, Беларусь жана Монголия байкоочу мамлекеттер.
2021-2022-жылдары ШКУга Өзбекстан төрагалык кылат. Уюмдун кийинки саммити 15-16-сентябрда Самаркандда өтөт.
ШКУ Интерпол менен террорчулукка каршы күрөшмөй болду