БИШКЕК, 22-май — Sputnik. БРИКС жана ШКУга мүчө Азия мамлекеттери Россия менен Арктикада кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Арктика кеңешинин өкүлү Николай Корчунов РИА Новостиге билдирди.
"Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр өз ара катым-катышты өнүктүрүүгө кызыгуусун арттырып жатат. Бул — экономикалык өнүгүүнүн жогорку темпин көрсөткөн мамлекеттер. Басымдуу бөлүгү БРИКС менен ШКУга мүчө", — деген дипломат.
Ал мындай кызыкчылык стратегиялык эсептөөлөргө негизделгенин айтып, кызматташтык узак мөөнөткө созуларын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, Россия президенти Владимир Путин Москва Арктикада иштөө үчүн бардык мамлекеттер менен кызматташууга даяр экенин айткан.