Евразия экономикалык форуму

Путин Бишкектеги экономикалык форумга онлайн-форматта катышат

Буга чейин Жогорку евразиялык экономикалык форумду видеоконференция форматында өткөрүү чечими кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Бишкектеги Евразиялык экономикалык форумга видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу РИА Новостиге президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынын онлайн-форматта өткөрүү чечими учурдагы эл аралык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынган.
Саммиттин күн тартибинде 14 маселени талкуулоо пландаштырылган. Анын ичинде ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, 2021-жылга ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштердин жыйынтыгы, ЕАЭБ эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бар.
Эске салсак, 2022-жыл ичинде Кыргызстан Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.
Евразия экономикалык форуму
Бишкектеги Евразия форумуна катышууга 1700дөн ашуун адам катталды