БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Түркиянын Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусуна каршылыгы альянсты ондогон жылдарга алсырата турган капканга түшүрүп койду дейт The National Interest басылмасынын баяндамачысы Марк Епископос.
Макалада айтылгандай, Батыш өлкөлөрү Анкараны позициясын өзгөртүү үчүн кысмакка да алышы мүмкүн эле. Мисалы, F-16 истребителдерин алуусуна тыюу салып же түрк армиясынын башка мамлекеттердин куралдуу күчтөрү менен бирге иш алып баруусун чектеп кое алмак.
"Мындай кадамдар тескери да таасир берерин жакшы түшүнүп турушат. Режеп Тайип Эрдоган артка кайткандан көрө эселеп пайда көрүп калууну тандайт. 2017-жылы Россиядан С-400 аппараттарын сатып алышына киргизген санкцияларга дал ушундай жооп берген. Жамааттык кысым НАТОдогу тилектештикке доо кетирет", — дейт Епископос.
Ал альянс ичинде курамындагы өлкөнү чыгарып салуу механизми жок экенин эскертип, Эрдогандын да уюмдан өз алдынча чыгып кетиши күмөн экенин белгиледи.
"Таарынычы күч Түркия блоктун ичине жик салат. Бул ондогон жылдарга созулушу мүмкүн", — деп жазат автор.
Баяндамачынын айтымында, Вашингтон менен Брюсселдин жогорку кызматтагы адамдары Скандинавиядагы экспансиясын коалицияны күчтөй турган ийгилик катары көрсөтүп жатат. Бирок чын-чынына келгенде алар кесепети олуттуу боло турган кооптуу процесске жол баштап коюшту дейт журналист.
Финляндия менен Швеция Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталган соң көп жылдык бейтарап позициясынан баш тартып, Түндүк атлантика альянсына кошулуу тууралуу айта баштаган. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг эки өлкөнү уюмдун катарынан көрүүгө куштар экенин билдирген болчу.
Ал эми Москва НАТО конфронтацияга бет алды деген пикирде. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков альянстын кеңейиши Европага коопсуздук алып келбей турганын айтып, ошол эле учурда эки өлкөнүн уюмга кириши Москва үчүн кооптуулук жаратпай турганын белгилеген.
Азыр Финлияндия менен Швециянын НАТОго киришине Түркия каршы чыгууда. Уюмдун курамына кирүү үчүн бардык мамлекеттердин макулдугу зарыл.