Жер айдап, эгин жыйнап, ноопаз минген кыргыздар. 100 жыл мурунку сүрөттөр

Кыргыздар мындан бир кылым мурун мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен кантип алектенгенин Sputnik Кыргызстан агенттиги сүрөт менен көрсөтүп бермекчи.
Sputnik
Ошол карапайым турмушту азыркы Кыргызстандын аймагына келген окумуштуу, изилдөөчүлөр камерага тартып алган. Сүрөттөрдө жергиликтүүлөр көчүп-конуп төрт түлүк малын бакканы, дыйканчылык кылганы чагылдырылган. Эркектер устачылык, зергерлик менен да алектенсе, аялдар үй тиричилигинин түйшүгүн тарткан. Ошондой эле уй, кой, бээ саап, короодогу малын союп дасторконунан эт үзүлгөн эмес.
1 / 13

Ош облусу. Ноопазга чийне сүйрөткөн балдар. Тоо, ээн талаада чөп, саман ташуу үчүн майда чабак жыгачтар менен бириктирилген эки узун жыгачтан турган сүйрөткү колдонгон

2 / 13

Кездеме токуган келин, боз үйдүн жанында отурган эркектер менен балдар

3 / 13

Колуна балкасын алып иштеген темир уста. 1928-жыл

4 / 13

Кой сааган аял жана кичинекейлер. 1928-жыл

5 / 13

Казанда арпа кууруган аял. Кыргыздар жаргылчакка тартылган арпаны жарма жасаганга колдонгон. Ал азыр да кеңири пайдаланылып келет

6 / 13

Тери ыштаган апа. 1928-жыл

7 / 13

Талаада орулган эгинди саманынан ажыратып тазалаган эркектер

8 / 13

Тери ашаткан аял, үй тиричилиги менен алектенген келин-кесек

9 / 13

Ноопазга сокосун илип жер айдаган дыйкан. Сүрөт ХХ кылымдын башында тартылган

10 / 13

Жайлоодо кийиз жасаган кыргыздар. 1928-жыл

11 / 13

Желеге кулун байлап, бээ сааган түгөйлөр

12 / 13

Килем токуган ууздар

13 / 13

Койдун жүнүнөн жип өргөн учур. Жипти кыргыздар күнүмдүк турмушта кеңири колдонгон. 1936-жыл

Тема боюнча:
5 млн. адам кулчулукка кеткен. Ааламды апаатка салган Улуу Ата Мекендик согуш
Кыргызстандыктар фронтко кантип жардам берген? Согуш жылдарындагы ирмемдер
Көч көрктүү болсун! Кыргыздардын 150 жыл мурунку турмушунан сүрөт баян
Кыргыздар 100 жыл мурун кантип чер жазган. Архивдик сүрөттөр