Маймыл чечеги оорусун дүйнөдө 92 киши жуктурду

ДССУнун маалыматында учурдан чечектин бул түрүнөн көз жумгандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Маймыл чечеги илдетин дүйнөдө 92 киши жуктурду, каза тапкандар каттала элек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме берип РИА Новости жазды.
Учурда дагы 28 кишинин анализи изилденип жатканы айтылды.
"Бүгүнкү күндө бул оорудан каза тапкан бир да адам болгон жок", — деп жазылган уюмдун маалыматында.
ДССУнун соңку маалыматында бейтаптар ооруну илдет чыккан аймакка барып жуктурган эмес. Көбүнчө бири-бири менен жыныстык катнашта болгон эркек кишилерден чыгууда. Бирок бул дагы такталып жатат.
Маймыл чечеги Европа аймагындагы Бельгия, Франция, Германия, Италия, Португалия, Испания, Швеция жана Улуу Британия мамлекеттеринде катталууда.
Бул илдет тууралуу Кыргызстандын Коронавируска каршы башкы штабы дагы маалымат тараткан. Анда маймыл чечегин адатта 16 жашка чейинки өспүрүмдөр көп жугузары жана оорудан 2-3 жуманын ичинде сакайып кетери айтылган.
Маймыл чечеги илдети дүйнөнүн 12 өлкөсүндө аныкталды