Эскертүү! Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт. Күнү, убактысы

Ишкана эгер тыгын жаралып 30-40тай автоунаа өтө албай туруп калса, иштер убактылуу токтотуларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. 23-майдан 27-майга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 129-чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таш кулатуу жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы кабарлады.

"Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин аталган иштер күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Тазалоо иштери учурунда автоунаалар бир тарап менен жүрүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Ишкана эгер тыгын жаралып 30-40тай автоунаа өтө албай туруп калса, таш кулатуу иштери убактылуу токтотулуп, автоунаалар өткөрүлө турганын кошумчалады.
Бишкекте автоунаа каттачу айрым чоң жолдор кеңейтилет. Видео