Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын мурдагы элчиси: дипломаттар Киев НАТОго кошулат деп жалган айтышкан

Буга чейин АКШнын коргоо министри Ллойд Остин да азыр Украинанын альянска кирүү мүмкүнчүлүгү карала электигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Американын дипломаттары Киевге НАТОго кошулат деп көп жылдан бери жалган убада берип келгенин АКШнын Россиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол тастыктады. Бул тууралуу ал Канадада өткөн дебатта билдиргенин РИА Новости жазды.
"2021-жылы биздин дипломаттар Киевди альянска кире аларына ишендирүүгө болгон күчүн жумшады. Ошондо дипломаттар калп айттыбы?" — деп алып баруучу Макфолдон сураган.
Саясатчы муну тастыктагандай жылмайып, "чыныгы дүйнө" ушундай түзүлгөнүн кошумчалады.
Жогорку Рада 2014-жылы Украинанын блокко кирбеген статусунан баш тарткан. 2019-жылдын февраль айында парламент Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкөнүн Евробиримдик менен НАТОдогу багытын аныктаган. Ошол эле маалда эксперттер Киев жакынкы он жылдыкта НАТОго мүчө боло албай турганын белгилеген. Апрель айынын аягында АКШнын коргоо министри Ллойд Остин азыр Украинанын альянска кирүү мүмкүнчүлүгү карала электигин билдирген.
Түркиялык эксперт Анкара НАТОдон чыкса, ага альтернатива болчу уюмду атады