Айдаркендеги сегиз кишинин өлүмү: ӨКМ башчысы Ажикеев аймакка барды. Сүрөт

Кечээ катталган кырсыкта сегиз киши, анын ичинде министрликтин эки кызматкери көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Айдаркендеги ири жол кырсыгы катталган аймакка барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Айдаркендеги ири жол кырсыгы катталган аймакка барды

2 / 4

Эске салсак, кечээ болжол менен саат 16:00гө чукул Айдаркендеги Чечме айылында жайгашкан "Чечме" өткөрүү бекетинде ӨКМге караштуу HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа (трал) жол кырсыгына кабылган

3 / 4

Унаа имаратты, ошол жерде турган адамдарды жана жеңил автоунааларды сүзүп барып токтогон

4 / 4

Кырсыктын кесепетинен 8 адам, анын ичинен министрликтин эки кызматкери каза болду. Мындан сырткары, жети киши жаракат алган.

Эске салсак, кечээ болжол менен саат 16:00гө чукул Айдаркендеги Чечме айылында жайгашкан "Чечме" өткөрүү бекетинде ӨКМге караштуу HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа (трал) жол кырсыгына кабылган. Унаа имаратты, ошол жерде турган адамдарды жана жеңил автоунааларды сүзүп барып токтогон.
Кырсыктын кесепетинен 8 адам, анын ичинен министрликтин эки кызматкери каза болду. Мындан сырткары, жети киши жаракат алган.
Унаанын ичиндеги куткаруучулар катуу жааган жаандан жабыркаган Кадамжай районунун Бөжөй айылына сел каналдарды жана габион торчолорун орнотуу үчүн бара жаткан.
Бишкекте BMW автокрандын астына кирип кетти. Кырсыктын видеосу