Соттор кеңеши: судьянын кармалышы боюнча Башкы прокуратуранын маалыматы жалган

Буга чейин судья прокурор менен биргеликте 50 миң сом пара алып жатканда кармалганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Соттор кеңеши Жумгал райондук сотунун судьясы пара менен кармалды деген маалыматты четке кагып, билдирүү таратты.
Белгилей кетсек, кечээ Башкы прокуратура судья А.А. менен райондук прокурордун орун басары О.Ж. кылмыш ишин токтотуу үчүн 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.
"Судьянын кармалышы боюнча Башкы прокуратура тараткан маалымат чындыкка дал келбейт. Эч кандай кармоо болгон эмес. Аны менен катар Соттор кеңеши көзөмөл органын такталбаган жана жалган маалыматтарды чыгаруудан этият болууга чакырат", — деп жазылган расмий билдирүүдө.
Мыйзам боюнча судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Соттор кеңеши макулдук бериши шарт.
Бишкекте прокурормун деп коркутуп акча алып жүргөн киши кармалды. Сүрөт