Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Bloomberg: Жонсон Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт

Атайын операция Улуу Британиянын премьер-министри үчүн абдан пайдалуу учурда башталганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана анын командасы Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жолтоо болууда. Бул тууралуу Bloomberg басылмасындагы макалага шилтеме берип ИноСМИ жазды.
Макаланын автору Панкаж Мишра британ өкмөтүнүн жогорку даражалуу мүчөлөрү ок атышууну токтотуунун жолун бууп жатканын жазган. Премьер-министр Борис Жонсон, тышкы иштер министри Лиз Трасс жана коргоо министри Бен Уоллес Украинадагы жаңжалды саясий капиталын бекемдөө үчүн колдонушканы айтылат.
"Жонсон үчүн Россиянын атайын операциясы болуп көрбөгөндөй пайдалуу учурда башталды. Жонсондун жалындуу сөздөрү аны Украинада баатырга айландырды. Бирок ал өлкөсүндө пандемия учурунда уюштурган кечелери үчүн административдик жазага тартылган биринчи премьер-министр болуп калды", — деп айтылат макалада.
Анткен менен автор Улуу Британиянын премьер-министри кызматтан кетиши дагы авантюризмди азайта албайт деп эсептейт.
Тескерисинче, Трасс менен Уоллес анын мураскорлору катары Россияга каршы кампанияда жетекчисинен озуп өткүсү келип, катуу сүйлөп жатышат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Азовсталдын" аймагын толук бошотушту. Акыркы согушкерлер чыгып жаткан видео