Жекшембиге карата аба ырайы

23-майга чейин өлкөдө аба ырайы өзгөрүп турары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экендиги эскертилди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. 22-майда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаап, бийик тоолордо кар түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +15...+20, Таласта +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл, Нарын аймагында +14...+19 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +17...+19 жана Ошто +21...+23 градусту көрсөтөт.
"23-майга чейин өлкөдө аба ырайы өзгөрүп турат. Бул автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар", — деп айтылат маалыматта.
Лейлекте сел 200 баш кой-эчкини агызып кетти. Сүрөт