Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногунан 20,5 млн. доллар сатып алды

Кыргызстанда соңку күндөрү доллардын курсу түшүп жатат, кечээ 80 сомдон да ылдыйлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кечээ, 20-майда, Улуттук банк валюта рыногунан 20 миллион 550 миң доллар сатып алды.
Эсептешүүнүн кандай түрү менен алганы боюнча так жазылган эмес, бирок адатта Улуттук банк накталай эмес формада сатып алуулар тууралуу маалымат берет.
Кыргызстанда соңку күндөрү доллардын курсу төмөндөп жатат, мисалы, кечээ сатып алуу 79 сомго түштү. Ал эми бүгүн 79-79,5 сомдун тегерегинде турат, сатуу 80-80,5 сом деп бааланууда.
Россия чет өлкөгө акча которууга коюлган чектин көлөмүн 5 эсе жогорулатты