Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиналык командир "Азовсталда" чет элдиктер болгонун айтты. Видео

Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги "Азовсталь" комбинатынын аймагы толук бошотулганын жана согушкерлер жашынган ишкананын жер астындагы объектилери россиялык аскерлердин көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Мариуполдогу "Азовсталь" заводунда украин аскерлеринин катарында чет элдиктер болгон. Бул тууралуу Украинанын багынган 36-деңиз жөө аскерлери бригадасынын командири Сергей Волынский (каймана аты – "Волын") билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүндө чет элдиктер бар", — деди ал.
Бирок Волынский алардын арасында жогорку кызматтагы адамдар жана кураторлор тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.
"Мен андай адамдар жөнүндө билбейм. Кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү бере турган кураторлорду, жогорку даражалуу чет элдиктерди кезиктирген жокмун", — деп кошумчалады ал.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги "Азовсталдын" аймагы толук бошотулганын жана согушчандар жашынган ишкананын жер астындагы объектилери РФтин Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. Жалпысынан агенттиктин маалыматы боюнча, 16-майдан бери заводдун аймагында блокадага алынган 2439 неонацист жана украин аскерлери куралын таштап, багынып беришкен.
АКШлык ЖМКлар Россия экономикасын чөгөлөтүү аракети ийгиликсиз болгонун моюндады