АКШлык ЖМКлар Россия экономикасын чөгөлөтүү аракети ийгиликсиз болгонун моюндады

Макалада айтылгандай, Россиянын энергетикалык ресурстары жана азык-түлүктөрү дүйнөлүк стабилдүүлүк үчүн өтө маанилүү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Батыштын санкциялары Россиянын экономикасы уникалдуу болгон үчүн аны чөгөлөтө алган жок. Бул тууралуу америкалык OilPrice порталындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Автордун пикиринде, өлкөнүн энергетикалык ресурстары жана азык-түлүктөрү дүйнөлүк стабилдүүлүк үчүн өтө маанилүү.
"Таң калычтуусу, ансыз деле жеткирүүдөгү көйгөйлөрдөн, энергия тартыштыгынан жана экономикалык стагнациядан жапа чегип жаткан дүйнөдө Батыштын санкциялары Россия экономикасын чөгөлөтө алган жок", — деп айтылат макалада.
Автор мунай менен газдын рекорддук баада экспорттолушу Москвага чоң пайда алып келгенин баса белгилеген.
"Россия энергетикалык ресурстарды да, азык-түлүктү да экспорттоочу катары уникалдуу позицияны ээлейт жана бул ага туруктуу бойдон калууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Кытай жана Индия менен күчтүү соода алакалары Россияга күчтүү валюта агымын камсыздап, өлкөнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу ар кандай кооптонууларды жокко чыгарары айтылды.
Россиянын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: маалымат айдыңында Россияга карата кадимкидей согуш жүрүүдө