Радио

Төлөгөн уулу: окуу-машыгуулардын саны өссө, боксто өнүгүү болот

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу эл аралык мелдештерде ийгилик көрсөткөн боксчуларга колдоо көрсөтүлбөй жатканын айтты.
Sputnik
Бокс өнүгүшү үчүн сапаттуу окуу-машыгууларды уюштуруп, алардын санын көбөйтүү керек. Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда спортчулар кыргызстандыктарга салыштырмалуу атайын машыгууларды 2-3 эсе көп өткөрүшөт. Бул тууралуу Данияр Төлөгөн уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда бокс боюнча жаштар арасында атаандаштык жаралып, ички чемпионаттын абалы жакшырып калды.
"Кыргыз боксунун тарыхы бай. Бизде убагында таланттуу балдар тарбияланып, эл аралык мелдештерде жакшы атаандаштык көрсөтүп турушкан. Азыр да уучубуз кур эмес. Бирок спорт бир орунда турбастан, улам өнүгүп жатат. Сапаттуу машыгуулар көбөйсө, боксто тез натыйжа болот. Себеби дайыма изденүүнүн үстүндө болуп, тажрыйба топтоого шарт түзүлөт. Коңшу казактарда, өзбектерде бизге салыштырмалуу машыгуу 2-3 эсе көп. Башка өлкөнүн спортчулары менен жолугушууларды өткөрүп, көп жакшы ыкмаларды үйрөнсө болот", — деди Төлөгөн уулу.
Ошондой эле адис 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына лицензия алуу үчүн бардык даярдыктар жасалып, кызуу машыгуулар өтүп жатканын кошумчалады.