БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Москва жооп катары АКШнын вице-президенти Камала Харрис баш болгон 963 жарандын Россияга киришине тыюу салганын билдирип, РФ ТИМи тизме жарыялады. Бул тууралуу аталган ведомствонун сайтына маалымат чыкты.
Анда АКШнын Россияга салган санкцияларына жооп кылып, ТИМ РФке кирүүгө туруктуу негизде тыюу салынган адамдардын тизмесин жарыялары жазылган.
Анда миңге чукул киши Россияга кире албай калганы айтылган. Алар — саясатчылар, аткаминерлер, андан сырткары 15-марттан бери "стоп-листке" кирген мамлекеттик жогорку кызматтагылар. Антисанкцияга кабылгандардын ичинде АКШ президенти Жозеф Байден, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен, коргоо министри Ллойд Остин жана штабдардын начальниктеринин бириккен комитетинин төрагасы Марка Милли бар.
Ведомстводон Вашингтон тараптан жасалган кастык аракеттер АКШнын өзүнө эле бумеранг болуп кайтып барарын жана мындан ары да ушундай кадамга туш болушарын белгилешкен.
"Россиялык контрсанкциялар аргасыздыктан жасалып жатат, алар башкарам деп, дүйнөнүн калган бөлүгүнө неоколониалдык ыкманы таңуулаган америкалык режимдин ниетин өзгөртүп, геосаясаттын жаңы реалдуулуктарын таанытууга багытталган", — деп айтылган билдирүүдө.