Жүрөк үшүткөн кырсык: Айдаркенде КамАЗ жеңил унааларды, кишилерди сүзгөн. Сүрөт

Учурда кырсык болгон жерге барган 18 куткаруучу адамдарды автоунаалардан алып чыгып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бүгүн, 21-майда, саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылындагы "Чечме" өткөрүү постунда оор жүк ташуучу КамАЗ башкаруудан чыгып, жол жээгиндеги автоунааларды жана ошол жерде топтолуп турган адамдарды сүзүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден кабарлады.
Аталган көзөмөл өткөрүү жайы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан.
1 / 3

Бүгүн, 21-майда, саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылындагы "Чечме" өткөрүү постунда оор жүк ташуучу КамАЗ башкаруудан чыгып, жол жээгиндеги автоунааларды сүзүп кеткен

2 / 3

Учурда кырсык болгон жерге барган 18 куткаруучу адамдарды автоунаалардан алып чыгууда

3 / 3

ӨКМден жабыркагандардын саны такталып жаткандыгын кошумчалады

"Алдын ала маалыматка ылайык, Чечме айылында жайгашкан "Чечме" өткөрүү постунда оор жүк ташуучу КамАЗ автоунаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, өткөрүү постунда жайгашкан имаратты жана токтоп турган автокөлүктөрдү сүзгөн. Учурда кырсык болгон жерге барган 18 куткаруучу адамдарды автоунаалардан алып чыгууда", — деп жазылган кабарда.

ӨКМден жабыркагандардын саны такталып жаткандыгын кошумчалады.
Кырсык болгон жерге Баткен ОИИБдин жана Кадамжай РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон адамдардын санын жана алардын жарандыктарын, талкаланган автоунаалардын санын, кырсыктын себептерин тактап жаткандыгын билдиришти.
Бишкекте BMW автокрандын астына кирип кетти. Кырсыктын видеосу