Германиялык аял бензиндин кымбаттыгынан улам ат араба менен жүрө баштады

Фермер автоунаадан баш тарткандан кийин бир айда 250 евро (болжол менен 21 миң сом) үнөмдөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Германиянын Шупбах шаарында фермер жана ат минүү боюнча инструктор Стефани Кирхнер бензинге кеткен акчаны үнөмдөп автоунаадан баш тартып, ат араба менен жүрө баштады. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазды.
Макалада Кирхнер мурда үйүнөн жумушуна чейин автоунаа менен 10 мүнөттө жетсе, эми ага бир саат коротуп жатканы белгиленген. Деген менен ал бир айда 250 евро (болжол менен 21 миң сом) үнөмдөгөн.
Фермердин айтымында, эгер шаарда тиешелүү инфраструктура болсо күйүүчү майдын азыркыдай баасынан улам көпчүлүгү ат арабага өтмөк.
Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан кийин Москвага карата бир катар санкцияларды салган. ЕБдин өлкөлөрү россиялык нефть менен газдан баш тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү олуттуу түрдө эле издеп жатышат. Көпчүлүк бренддер Россиядан кетерин жар салды. Бирок мындай санкциялык басымдар кайра батыш өлкөлөрүнүн өздөрүнө экономикалык көйгөй жаратууда. Себеби күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн баасы тынымсыз өсүп жатат.
Россияга болгон көз карандылыктын айынан ЕБде инфляция рекорддук чекке жетти