Эртең Бишкекте бир нече көчөдө электр кубаты өчөт

Электриктер трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо иштери менен алек болушат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Борбор калаада күндүз 22-майда бир нече көчөлөр менен проспектилерде электр кубаты болбойт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдирди.
Бул күнү электриктер трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо иштери менен алек болушат.
"Саат 9:00 - 18:00 арасында Манас, Чүй, Эркиндик проспектилеринде, Киев, Тыныстанов, Фрунзе жана Раззаков көчөлөрүндө электр энергиясы жок болот, — деп айтылган маалыматта.
Оңдолуп жаткан "Ала-Тоо" аянты эртең ачылат